Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Словакия алгачкы аял президентин шайлады


Словакиянын алгачкы аял президенти Зузана Чапутова, 30-март, 2019-жыл.
Словакиянын алгачкы аял президенти Зузана Чапутова, 30-март, 2019-жыл.

Словакияда коррупцияга каршы күрөшкөн оппозициялык активист, юрист Зузана Чапутова президент болуп шайланды. Ал шайлоонун 30-мартта өткөн экинчи турунда добуштардын 58 пайызын алып, бийликтеги "Смер" партиясы колдоо көрсөткөн атаандашы Марош Шефчовичти жеңип чыкты.

45 жаштагы Чапутова Словакиянын тарыхындагы алгачкы аял президент болуп калмакчы. Ал буга чейин саясий кызматтарды ээлеген эмес. Чапутова таштанды полигонуна жана паракорчулукка каршы күрөшү менен элдин калың катмарына таанылган. Аны шайлоодо Словакиядагы либералдуу жана европачыл саясий күчтөр колдоп чыгышты.

Бул жолку президенттик шайлоо "Смер" партиясы үчүн кезектеги чоң жеңилүү болуп калды. Бул партиянын рейтинги былтыр иликтөөчү журналист Ян Куциак менен анын сүйлөшкөн кызы киши колдуу болгондон кийин кескин төмөндөп кеткен.

XS
SM
MD
LG