Украинадагы президенттик шайлоодо куудул Владимир Зеленский менен учурдагы президент Петро Порошенко алдыга чыгууда.
Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, Зеленский жалпы добуштардын 30,4 пайызын, Порошенко болсо 17,8 пайызын алды.
Ал эми бул шайлоонун дагы бир фаворити саналган, “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко 14,2 пайыздай гана добуш топтоду.
"Евромайдандан" бери экинчи жолу өтүп жаткан президенттик шайлоого рекорддук сандагы талапкерлер же 39 киши ат салышты.
Шайлоонун расмий жыйынтыгы 10-апрелге чейин жарыяланышы керек. Топтогон добуштары боюнча биринчи жана экинчи орунду алган талапкерлер 21-апрелде экинчи турга катышат. Анын жыйынтыгы 1-майга чейин белгилүү болот. Украинада президент беш жылга шайланат.