Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жергиликтүү органдарды шайлоодо өзүнүн АК партиясы утуп алганын билдирип, муну «Түркияны чөгөлөткүсү келгендерге урулган сокку» деп белгиледи.
«Түрк элинин колдоосу Адилеттик жана өнүгүү партиясына 15 жолу шайлоодо утуп чыгууга мүмкүнчүлүк берди», - деди ал.
Эрдоган бул тууралуу добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыктары мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу жарыялангандан кийин айтты.
Бул жыйынтыктар боюнча, Эрдогандын АК партиясы шайлоочулардын 45% добушун алды. Бирок Анкара мэринин орду үчүн тиешелүү добуш топтой алган жок. Анкарада жана Измирде оппозициячыл Республикалык элдик партия көпчүлүк добушка ээ болду.
Шайлоого чейин айрым Батыш өлкөлөрүнүн басылмалары түрк президенти Стамбулда жана Анкарада таасирин жоготот деп божомолдоп жатышкан.
Стамбул Түркиянын ири шаары жана каржылык борбору болуп эсептелет. Коомдук сурамжылоолор Стамбулда күчтүү күрөш болорун көрсөткөн. Эрдогандын партиясы бул шаарды 15 жылдан бери башкарып келатат.
Түркиянын 82 миллионго чукул калкынын 57 миллионго жакыны добуш берүүгө укуктуу.