S7 аба компаниясынын маалыматы боюнча, Орусиядагы эң бай айым, аталган компаниянын кожоюндарынын бири Наталья Филева Германиянын батышында учак кырсыгында каза тапты. Компаниянын басма сөз кызматы 31-мартта кабарлагандай, 55 жаштагы Филева бир моторлуу «Epic-LT» учагында бараткан. Учак Франкфурт шаарынын түштүгүндөгү Эгелсбах аэропортуна конгону баратканда кырсыктаган.
Немис полициясы мурдараак кабарлагандай, алты орундуу учактын ичинде учкуч менен кошо үч киши болгон. Маалыматка караганда, учак Франциядан келаткан, кулагандан кийин толугу менен өрттөнүп кеткен. Полиция жүргүнчүлөрдүн тек-жайы жакынкы жумаларда такталарын билдирди. Азырынча кырсыктын себеби белгисиз.
«Forbes» журналы Наталья Филеваны былтыр Орусиянын 4-орундагы эң бай ишкер айымы деп тапкан. Анын байлыгы 600 млн. долларга эсептелген.