Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

IRI институту Кыргызстандагы олуттуу көйгөйлөрдү тизмектеди


Изилдөөнүн жыйынтыгы.
Изилдөөнүн жыйынтыгы.

Эл аралык республикалык институт (IRI - International Republican Institute) жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Ага ылайык «Кыргызстандын алдында турган эң орчундуу көйгөйлөрдүн» жогорку сабында жумушсуздук (43%), коррупция (28%) жана экономикалык өнүгүү (14%) турат. Ал эми «Сиз жашаган айылдын/шаардын эң көйгөйлүү маселеси эмне?» деген суроого респонденттердин 30% жолдордун кейиштүү абалын, 21% иче турган таза суунун жоктугун, 19% жумушсуздукту атаган.

Ошол эле сурамжылоодо эл мамлекеттик жана эл аралык институттардын ишине баа берген. Саптын эң төмөн жагында суралгандардын 52 пайызы терс баалаган соттор институту жана 49 пайыз менен саясий партиялар турат. Армия жана жалпыга маалымдоо каражаттары сап башында турат. Суралгандардын 73% армиянын ишин «жакшы» деп бааласа, ЖМК 70% ала алган.

Мындан сырткары суралгандардын 66 пайызы парламентке жана депутаттарга кайрылуунун жол-жобосун билбей турганын айтышкан. Бирок суралгандардын 54 пайызы жергиликтүү кеңештердин ишин канааттандырарлык деп тапкан.

Изилдөөгө курагы 18 жаштан ашкан, шайлоого укугу бар 1500 киши тартылган. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынын тургундары катышкан. Изилдөө 2018-жылдын 22-ноябрынан 4-декабрына чейин кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн. Бул тууралуу «Азаттыкка» IRI институтунун өкүлү Тимур Мотегиров кабарлады.

Изилдөөнүн алкагында суралган ар бир киши менен жеке маектер уюштурулган. (KR)

XS
SM
MD
LG