Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Жапаров насыя берүүнү ислам принциптерине негиздөөнү сунуш кылды


Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров учурда банктар коюп жаткан пайыздар аябай жогору экенин айтып, алар исламдын каржылоо принциптерине өтүшү керек экенин билдирди. Бул тууралуу депутат Финансы жана бюджет боюнча комитеттин отурумунда билдирди.

Жапаров мамлекеттин бул багытта жүргүзгөн иши илгерилебей келгенин айтып, бул маселе боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен кеңешүүнү сунуш кылды.

Бүгүн, 1-апрелде аталган комитет өкмөт менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу» боюнча насыя макулдашуусунун долбоорун талкуулоодо.

Учурда Кыргызстандын банктары насыяны 17-30 пайыздык үстөк менен берип жатышат. Европа өлкөлөрүндө бир жылдык үстөк 2-6 пайызды түзөт. (KR)

XS
SM
MD
LG