Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:01

Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

Акрам Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

13-14-март күндөрү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жергиликтүү тургундардын айрымдары Баткендин мурдагы губернатору Абиш Халмурзаевге нааразы болуп, анын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылдан бери иштеп келген.

42 жаштагы Акрам Мадумаров мурда Кыргызстандын кадр кызматын жетектеген. (KR)

XS
SM
MD
LG