Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

«Замандаш» ассоциациясы кыргызстандыктарды тынчтыкка чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Замандаш» ассоциациясы кыргызстандыктарга кайрылып, аларды бөлүп-жарууга үндөгөн саясатчыларды колдобоого чакырды.

«"Замандаш" ассоциациясы, анын катарына кирген диаспоралардын бардыгы Кыргызстаныбызда туруктуулукту сактоого чакырабыз. Эки жолку революциядан кийин тескерисинче, экономикалык өнүгүү жактан коңшу өлкөлөрдөн да артта калганыбызды бардыгыңыздардын эсиңиздерге салабыз.

Кыргызстандан кетип башка мамлекеттерде эмгектенип жаткан мигрант мекендештерибиздин каалаганы да тынчтык, туруктуулук. Себеби, айрымдары мекенибизге кайтып, тапкан каражатын ишкерликке салууга кызыкчылыгы бар. Эгерде мекенибизде тынччылык болбосо мындай иштер жүзөгө ашпайт. Демек, жумуш орундары түзүлбөйт, мамлекетке салык төгүлбөйт. Урматтуу замандаштар! Коомду бөлүп-жарууга үндөп же аракет кылып жаткан айрым күчтөргө кошулуп, дагы бир жолу алданып калбайлы», деп жазылат кайрылууда.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 3-апрелде кезектеги XVIII курултай өткөрөрүн жарыялаган. Ага чейин эле экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган бул партиянын курултайы 6-апрелге белгиленген. Ал эми «Ата Мекен» партиясы Кыргызстандын баардык аймактарында 23-апрелде тынчтык митингдерин өткөрөрүн жарыялаган. (KR)

XS
SM
MD
LG