Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, анын артынан күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү тынбай аңдып жүрүштү. Ал 30-31-мартта Жалал-Абад облусу боюнча өткөн партиянын жыйыны учурунда, андан мурун-кийин да ар кандай тоскоолдукка кабылып, чагым жасалганын билдирди:
- Даярдалган бир топ аялдарды жөнөтүшүптүр. Партияга эч кандай тиешеси жок адамдар келип алып «биз да киребиз» деп жаңжал салышты. Конференцияны өткөрүп жаткан учурда спорттук кийим кийген жаш балдар имаратка кирип келип тополоң, уруш чыгарганга аракет кылышты. Ушунун баары одоно түрдө болду. Жыйын өтүп жаткан имараттын жеке ишкер кожоюнуна да барып, ага да басым жасоо аракети болду. «Кафеңди жап, эмнеге ижарага бердиң?» дегендей сөздөрдү айтышыптыр. Ошол жерде тегеренип, айланып эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүрдү. Биз менен кошо журналисттер да жүрдү. Анын баарын сүрөткө, видеого тартып алдык.
Кундуз Жолдубаева облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошевге жагдай тууралуу маалымат жеткирүүгө аракет кылганын, бирок майнап чыкпаганын кошумчалады. Ал Сузак райондук милициясына чагым тууралуу арыз жазылганын билдирди.
Бирок Кылыч Жолдошев «Азаттыкка» комментарий берип жатып, КСДПнын өкүлдөрүнүн дооматтарын четке какты:
- Булар Жалал-Абадда үч күн жүрүштү. Үч күн бою адам таппай, чогулта албай, уят болуп, акыры аны милицияга шылтап жатышат. Чагым болгон жок. Өздөрү эки-үч мүчөсүн жыйынга киргизбей кошуптур. Ошол келип алып: «Эмнеге киргизбейсиңер, эмнеге тандалма мамиле кыласыңар?», - деп ары-бери болушуптур.
30-31-мартта Жалал-Абадда КСПДнын жыйыны өттү. (KR/EBM)