Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Абылгазиев Баткенде чек арадагы ички жолдордун абалын көрүп чыкты


Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу. Баткен. 1-апрель, 2019-жыл.
Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу. Баткен. 1-апрель, 2019-жыл.

1-апрелде облустагы иш сапарында өкмөт башчы Ак-Сай - Рават жолун, Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун көрүп чыкты. Премьер-министрди коштоп жүргөн транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун маалыматы боюнча, жалпы узундугу 25 чакырым болгон Ак-Сай - Рават жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө чейин жолдун 18 чакырымы салынды. Министрдин айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсүнөн кийин Ак-Сай- Тамдык жолунун курулушу уланууда. Ушул тапта жалпы 24,5 чакырым узундуктагы бул жолдун 13 чакырымы курулуп бүттү.

Премьер-министр жолдорду өз убагынан кечиктирбей, бирок сапаттуу куруп, пайдаланууга берүүнү тапшырды. Ошондой эле оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн айрым участоктордо жолду кеңейтүүнү буйруду.

Аягында өкмөт башчы Ак-Сай айылына кире бериштеги көпүрөнүн абалын көрүп, жергиликтүү бийлик ээлерине жаңы көпүрө куруу боюнча сунуш киргизүүнү табыштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-апрелде Баткенге иш сапары менен барды. Өкмөт башчы ошол эле күнү облустагы өкмөттүн мурунку өкүлү Абиш Халмурзаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызына кол коюп, анын ордуна Кадамжай районунун мурдагы акими Акрам Мадумаровду дайындаган буйругун чыгарды. Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы өкүлдү Баткен облустук акимчилигинин жамаатына өзү тааныштырды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG