Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Тендер чыры боюнча суракка чакырылган журналист УКМКдан сегиз сааттан кийин кое берилди


Иллюстрациялык сүрөт.

КЛООПтун журналисти Анна Капушенко 1-апрель күнү саат 9:30да адвокаты менен кошо Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирген. Ошол боюнча журналист кечке жуук, саат 19дар чамасында коё берилди. КЛООПтун башкы редактору Элдияр Арыкбаев «Азаттыкка» журналисттин узак кармалышы УКМКда сурактын кеч башталышы менен байланыштуу болгонун билдирди:

- Мендеги маалымат боюнча, ага эч кандай күнөө коюлбаптыр, күбө катары чакырылган. Биз аны менен жолугуп, ал эмнени айта алса ошону сүйлөшүп, анан гана маалымат бере алабыз. Анткени ал суракта болгон сөздү ачыкка чыгарбоо боюнча макулдашууга кол коюптур. Сурак кечирээк башталыптыр, ортодо тыныгууларды эске алганда узакка созулуп кетти.

Арыкбаевдин маалыматы боюнча, Анна Капушенко суракка тендер чырларын иликтеген комиссиянын мүчөсү катары чакырылган. Бул анын КЛООПтун редакторлугуна тиешеси жок.

1-апрель күнү таңында Анна Капушенконун батиринде УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзүшкөн. Медианын маалыматы боюнча, тинтүү адвокаттын катышуусуз өткөрүлгөн. Тинтүү учурунда коопсуздук кызматкерлери журналисттин ноутбугу менен телефонун алып коюшкан.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG