Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Чүйдө кыз ала качууга аракет кылган үч киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 29-мартта шаардын тургуну кайрылып, 20 жаштагы кызын кимдир-бирөөлөр ала качууга аракет кылышканын билдирген. Бул иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене («Кыз ала качуу») менен катталып, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада бул үчүн шектүү катары жергиликтүү үч тургун кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Кийинчерээк Токмок шаардык соту аларды үй камагына чыгарган.

Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, кыз ала качууда колдонулган «Хонда Фит» автоунаасы айып токтотмосуна коюлду.

Өткөн айда Бишкек-Ош жолундагы Сосновка бекетинен Чүйдүн Жайыл райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери ала качууга дуушар болгон кызды куткарып калышкан. Бирок көп өтпөй кыз өзүн ала качкан жигиттерге доосу жок экенин билдирип, тосмо арыз жазган.

Былтыр ошол эле бекеттен ошол эле кызматкерлер маркум Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткандарды кармап, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышкан. Тилекке каршы, кыз милиция бөлүмүнөн бычакталып, каза тапкан. Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнөн кийин 13 милиция кызматкери иштен алынган. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкерине козголгон кылмыш иши учурда Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда каралууда.

Ал эми ала качкандардын айыбын караган Свердлов райондук соту 12-декабрда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кескен. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG