Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:19

Иранда суу ташкыны 45 адамдын өмүрүн алды


Ирандын Хузестан провинциясы.
Ирандын Хузестан провинциясы.

Иранда 19-мартта башталган суу ташкыны 45 адамдын өмүрүн алды. 25 миңдей турак жайды сел жууп кетти. Түмөндөгөн адамдар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бийлик мындай нөшөр соңку он жылда болбогонун билдирди.

Ирандын Метеорология кызматы алдыдагы эки күндө катуу шамал менен коштолгон нөшөр уланарын эскертип жатат.

Мунайга бай Хузестан провинциясында Кархех плотинасынын коопсуздугу тынчсыздануу жаратууда. Жекшембиде бийлик плотинага суу толуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп, аймакта өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Провинциядан миңдеген адамдар коопсуз жактарга көчүрүлдү.

Ирандын президенти Хасан Роухани табигый кырсыктан жабыркагандарга кенемте төлөнүп берилерин айтып, армияны кыйраган аймактардагыларга жардамга барууга чакырды.

XS
SM
MD
LG