Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

Түркмөнстанда шайлоонун жыйынтыктары жарыялана элек


Ашгабаттагы шайлоо. 25-март, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ашгабаттагы шайлоо. 25-март, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комитети (БШК) 31-мартта өткөн парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону өттү деп тааныды. Расмий маалыматтар боюнча добуш берүүгө шайлоочулардын 90 пайыздан ашыгы катышты.

«Настоящее Время» телеканалы Түркмөнстан үчүн бул көрсөткүч кыйла төмөн болуп эсептелерин белгилейт. Алсак, Гурбангулы Бердымухамедов үчүнчү мөөнөткө шайланган 2017-жылдагы президенттик шайлоого добуш берүү укугуна ээ болгон жарандардын 97 пайызы катышкан.

Өлкө бийлиги азырынча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу башка эч кандай маалымат бере элек.

Түркмөнстанда быйылкы добуш берүүнүн жүрүшүнө жергиликтүү байкоочулар гана көз салып турушту. Өлкө БШКсы шайлоо эл аралык укуктун бардык нормаларына ылайык өткөнүн билдирди. Облус борборлорунда жана баш калаа Ашхабадда добушканаларга видеокамералар орнотулду. БШКнын сайтында добуш берүү кандай жүрүп жатканы түз эфирде көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG