Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Бишкекте Дооронбек Садырбаевдин чыгармачылык жумалыгы өтүп жатат


Дооронбек Садырбаев.
Дооронбек Садырбаев.

Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл артисти, кинорежиссёр, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, чыгаан саясатчы Дооронбек Садырбаевдин чыгармачылыгына арналган жумалык Бишкекте өтүп жатат. Анын алкагында күн сайын Кино үйүндө Дооронбек Садырбаев тарткан жана актер катары тартылган тасмалар көрсөтүлөт.

Жумалыктын ачылышы 1-апрелде режиссердун «Арман» аттуу көркөм тасмасы менен башталды. Бул тасма Чыңгыз Айтматовдун «Уулум менен жолугушуу» аңгемесинин негизинде тартылган. Анда согуштан кайтпай калган жалгыз баласынын түйшүгүндө жүргөн атанын тагдыры жөнүндө айтылат. Тасма Аламүдүн районунун Чуңкурчак жайлоосунда тартылган.

2-апрелде саат 15:00дө Кино үйүндө «Махабат дастаны» көркөм тасмасы көрсөтүлөт.

Жазуучу, кинорежиссер, Кыргыз эл баатыры, Эл артисти Дооронбек Садырбаев быйыл 80ге чыкмак. Ал 70тей даректүү, 16 көркөм тасманын, 8 китептин жана 700дөй публицистикалык макаланын автору болгон.

13-февралда мааракелик иш-чара Жалал-Абадда режиссер туулуп-өскөн Ноокен районунда белгиленди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG