Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Зилалиев: УКМК менден Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүмдү суранды


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев билдирүү таратып, андан УКМКнын кызматкерлери экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү суранганын айтты. Бул маалыматты анын жактоочулары «Азаттыкка» ырасташты.

«Акыркы төрт айда мени бир да жолу тергөө амалдарына катышууга чакырышкан жок. Менин жакындарым жана туугандарым аркылуу мага кысым көрсөтүп келишти. Жакында эле мени УКМКнын кызматкерлери чакырып алып, Атамбаевге каршы көрсөтмө беришимди суранышты. Максаты ошол болгон. Эми мага карата жасалып жаткан аша чапкан мамилени түшүндүм. Мени сындырып, Атамбаевге каршы кызматташууга баруумду каалаган.

Менден «Илмиянов аркылуу Атамбаевге кытайлык компаниядан бир лицензия боюнча маселени чечүүгө бир миллион доллар бергем» деп айтуумду суранышты. Мындай көрсөтмө берген учурда мен күбө катары өтөрүмдү айтып, УКМКнын СИЗОсунан чыгарууну убада кылышты. Биз албетте, мунасага келе алган жокпуз. Эми мага карата козголгон кылмыш иши жасалма экенин, калыс чечим күтүүгө үмүт калбай калганы түшүнүктүү болду. Алар Атамбаевди ЖЭБ боюнча иле албай, эми мен аркылуу илгенге аракет кылып жатышат. Коррупция менен күрөштүн жүзү ушундай», деп билдирди Зилалиев.

УКМК 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

2018-жылы 11-декабрда УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени сөз болгон акча тууралуу видео тасманы тараткан. Анда банк кызматкерлери уячадан таңгакталган акча алып чыгып, санап жатканы көрсөтүлгөн. (KR)

УКМК Зилалиевдин үйүн тинтти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

XS
SM
MD
LG