Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Халилзад ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушту


Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Кабулда «Азаттыктын» ооган кызматында. 2-апрель, 2019-жыл.
Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Кабулда «Азаттыктын» ооган кызматында. 2-апрель, 2019-жыл.

Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад дүйшөмбүдө ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Кабулда жолугушту. Халилзаддын бул сапары апрелдин ортосунда Катардын баш калаасы Дохада «Талибан» кыймылы менен баштала турган сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын утурлай өттү.

Аталган кыймыл менен Халилзаддын буга чейинки сүйлөшүүлөрү ушул эле Катарда өткөн. Атайын чабарман анын жыйынтыгында Ооганстанда 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотууга багытталган «реалдуу кадамдар жасалганын» билдирген.

Халилад өзү «Твиттердеги» баракчасына ооган өкмөтүнүн башчысы Абдулла Абдулла жана тышкы иштер министри Салах Раббани менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн жазды.

Ооган президентинин администрация өкүлү Ферейдун Хузон 1-апрелде «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиргендей, алар АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад бул жолу өкмөт менен талибдердин ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдүн башталашына көмөктөшөт деп күтүп жатышканын айтты.

Буга чейин Батыштын колдоосуна ээ болуп келаткан Кабулдун өкмөтү талибдер менен түз сүйлөшүүлөргө катышпай калып жатканына нааразылык билдирген эле.

АКШ менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканына карабай талибдер өкмөттүк күчтөргө дагы эле чабуул коюп жатышат. Расмий бийликтин билдирүүсүнө караганда, 1-апрелде Бадгис жана Сар-Пул провинцияларында «Талибандын» кол салуусунан 19 ооган жоокери курман болду.

XS
SM
MD
LG