АКШ өзөктүк келишимден баш тарткандан бир жыл өткөн соң Иранга жаңы санкцияларды киргизүүнү пландап жатары белгилүү болду. Бул тууралуу атын атагысы келбеген Ак үйдүн кызматкери 1-апрелде билдирди.
Былтыр май айында президент Дональд Трамп АКШ 2015-жылы кол коюлган, Тегерандын өзөктүк программасын ооздуктай турган келишимден чыкканын жарыялаган. Анда ал Иранга каршы санкицяларды киргизерин да билдирген. Санкциялар Ирандын энергетика, кеме куруу жана финансы тармактарына каршы багытталган.
Ушул эле жылдын 22-мартында АКШ Ирандын өзөктүк жана ракеталык программасын иштеп чыгууга байланышы бар 14 адамга жана 17 ишканага санкция киргизген.
Жакында эле Ирандын түштүк аймагында болуп өткөн жаандан улам сел жүрүп, 45 кишинин өмүрү кыйылган. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф жаңы санкциялар жабыркаган аймакка жардам берүү максатында Кызыл жарым ай коому жөнөткөн тик учактардын келишине жолтоо болорун айтып, муну экономикалык терроризм катары баалады. (KR)