Акыркы маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 253 жүк ташуучу автоунаа турат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) басма сөз өкүлү Мирбек Осмоналиев кабарлады:
- Учурда чек арадагы кырдаал өзгөргөн деле жок. Акыркы алынган маалыматка караганда ал жерде 253 автоунаа тизилип турат. Мурда айтылгандай эле азыр казак тарап менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Журналисттер бизге эле чалып, маалымат сурап жатышат. Тышкы иштер министрлиги жана башка тиешелүү органдар бул тууралуу эмне деп комментарий берип жатканын билбейбиз.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-марттан тартып пайда болгон.
Маалыматка караганда, казак тарап текшерүүнү күчөтүп, бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортту өткөрүүдө. Текшерүү күчөтүлө электе бул посттон күнүнө 300дөн 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган. (KR)