Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталуучулардын соту уланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-апрелде Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүүнү баштайт. Буга чейин соттук жыйын жабык өткөн. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, отурум ачык өтүүгө тийиш.

- Буга чейин жабык өтүп келди. Эми отурум ачык болушу керек. Бирок биздин шекшигенибиз - судьялар сот залынын чакандыгын шылтоо кылып, көп кишилерди, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизбей коюшу ыктымал, - деди КСДПнын өкүлү.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган. Соттук жыйын жабык өткөн. Адвокаттардын «отурум ачык болсун» деген өтүнүчү четке кагылган.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сегиз адамга айып коюлган. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баш болгон мурдагы жетекчилер бар.

КСДП Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишин жана ал үчүн айрым жетекчилердин камакка алынышын саясий негизде деп эсептейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG