Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэрлеринин иши каралат


Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.

3-апрелде Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланат. Булардын ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы соттук отурумда кабыл алынган.

Соттук отурум ачык өтүүдө. Бирок айрым учурларда зал тар деген себеп менен журналисттер, айыпталуучулардын жакындары киргизилбей, нааразылык жаралган.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Ал эми Албек Ибраимовго ««Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG