Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Тимошенко шайлоонун жыйынтыгы «бурмаланганын» айтты


Юлия Тимошенко. 31-март, 2019-жыл.
Юлия Тимошенко. 31-март, 2019-жыл.

Украинанын мурдагы премьер-министри, президенттик шайлоодо үчүнчү орун алып, экинчи айлампага чыкпай калганы жарыяланган Юлия Тимошенко добуш берүүнүн жыйынтыгын «бурмаланган» деп эсептей турганын айтты. Тимошенко 2-апрелде Киевде өткөргөн басма сөз жыйынында: «Биз сотко барбайбыз. Себеби түшүнүктүү эле. Сот системасын реформалоо деген шылтоо менен президент сотторду менчиктеп алган» - деп айтты.

Тимошенко азыркы мамлекет башчы Петр Порошенко шайлоонун экинчи айлампасына чыгыш үчүн ар кандай технологияларды колдонгонун кошумчалады.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 2-апрелде бюллетендердин 98% саналып бүткөнүн билдирди.

Соңку жыйынтыкка ылайык, Владимир Зеленский жалпы добуштардын 30,24% алса, Порошенкону шайлоочулардын 15,93% колдогон, Тимошенко 13,39% добуш жыйнап, үчүнчү болуп калды.

Оппозициячыл талапкер, шайлоонун алдында Москвага барып келип, көптөрдүн кыжырына тийип алган Юрий Бойко 11,6% добушка ээ болгон.

XS
SM
MD
LG