Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Санкт-Петербург: Метродогу окуяга шектүүлөрдүн соту башталды


Санкт-Петербургдагы жардыруу катары кабарланган окуя. 3-апрель, 2017-жыл.
Санкт-Петербургдагы жардыруу катары кабарланган окуя. 3-апрель, 2017-жыл.

2017-жылы Санкт-Петербургдун метросундагы окуяга шектүү деп табылган 11 киши 2-апрелде Санкт-Петербургда башталган аскер сотундагы процессте өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтышты.

Эки жыл мурда 12 кишинин өмүрү кыйылып, 67 адам жараат алганы кабарланган окуя үчүн айыпталгандардын баары Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыккан.

Жардырууну Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов ишке ашырганын Орусиянын укук коргоо органдары билдирип, Борбор Азиядан барган он чакты кишини кармалган.

Тергөөнүн версиясына караганда, 22 жаштагы орус жараны Акбаржон Жалилов 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросуна колго жасалган жарылуучу «бомба» алып кирген. Ал Кыргызстанда туулган өзбек улутундагы жигит. Ал бир «бомбаны» метронун платформасына таштаган, бирок ал жарылган эмес. Кийин полиция аны зыянсыздандырган.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Жалилов эки станциянын ортосунда вагондо экинчи «бомбаны» жардырган.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттигинин жазганына караганда, Аброр Азимов «чабуулду уюштурган» деп аныкталган, ал эми калган 10 киши «ага көмөктөшкөн» деп табылган. Аларга «террордук топко мүчө болгон жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жасап саткан» деген кине коюлду.

Кылмышты иликтөөчүлөрдүн айтымында, Азимов учурда камакта отурган иниси Акрам экөө Түркияда жайгашкан террордук топ менен байланышта болуп, каржылык колдоо алышкан.

Айыпталуучулардын арасында жалгыз аял - 47 жаштагы өзбекстандык Шохиста Каримова да бар. Ал метродогу окуядан бир нече апта өткөн соң кармалган. Анын үйүнөн табылган граната менен жарылуучу заттарды «Орусиянын ФСБсы таштап койгонун» айткан. Ал сот залында айнек тосмонун артында отуруп, «мен күнөөсүзмүн» деп айтты.

Эки жыл мурун болгон окуя үчүн «Аль-Каида» менен байланышы бар «Имам Шамил Батальон» тобу өз мойнуна алганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG