Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:18

Ооганстанда талибдердин чабуулунан сегиз аскер мүрт кетти


Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган аткаминеринин маалыматы боюнча, 2-апрель күнү Балх провинциясынын түндүгүндө көзөмөл бекетине кол салуудан кеминде сегиз адам өлдү. «Азаттыктын» ооган кызматы кабарлаганы боюнча Шолгар районундагы кагылыштан да беш киши жарадар болгон.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Шолгарда талибдер аймактагы көзөмөл бекеттерине кол салып турушат. Аткаминердин айтуусунда, атышуудан талибдер да өз адамдарынан айрылган.

Талибдер 17 жылдык согуштан кийин тынчтык келишимине келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына карабай, ооган жетекчилерине кол салууну күчөтүштү.

Ал арада Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахими ооган күчтөрү Бадахшандын түндүк-чыгышында Арганж Хо районун кайтарып алышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG