Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:18

Асылбек Жээнбеков: КСДПда бир адамдын диктатурасы орноп калды (видео)


Асылбек Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков КСДПда бир адамдын диктатурасы орноп калды деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында партиядан чыкканы тууралуу расмий билдирүү жасап жатып айтты.

Жээнбековдун пикиринде, «партия төрагасынын жеке мүдөөсү, жеке таарынычы жана дымагы мамлекеттин өнүгүшүнө залакасын тийгизбеши керек».

Ал партиянын ишине 2007-жылдан тартып киришкенин, уюмдун жер-жерлерде жана Ош аймагында таасирин арттыруу боюнча тапшырмасын мыкты аткара алганын билдирди:

- Президентибиз Сооронбай Шариповичтин ошол мезгилде партияга көмөктөшүү сунушунан кийин КСДПнын катарына кошулуп, анын түмөн түйшүгүнө аралашкам. Ал кезде зулум режимге ачык каршы чыгып, партиялык иштерди уюштуруу абдан опурталдуу эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө КСДП ички интригалардын айынан өзүнүн милдетин так аткара албай калды. Ушул интригага мени да аралаштыруу аракети көрүлүүдө. Мен ага арашпайм. Партия парламенттик демократияны өнүктүрүүчү күчкө эмес, жеке адамды жана анын бир ууч тобун сактоочу инструментке айланып баратат. КСДПга эмгеги сиңгендер четке сүрүлүп, бир адамдын диктатурасы орноп калды, - деди Асылбек Жээнбеков.

Ошону менен катар депутат КСДПга бир эле адамдын эмгеги сиңбегенин, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун, фракция башчысы Иса Өмүркуловдун жана башка активдүү мүчөлөрдүн салымы чоң болгонун кошумчалады.

КСДП партиясын учурда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жетектеп турат.

Партиянын катчылыгы Асылбек Жээнбековдун билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Бирок КСДПдан депутат Ирина Карамушкина «чек ара коопсуздугу тууралуу маселе курч болуп турган чакта» парламенттин трибунасынан ушундай билдирүү жасоо туура эмес болгонун айтып, «бүгүн «Атамбаевсиз КСДПнын» съезди өтүп жатат, билдирүүнү ошол жактан барып жасасаңар болмок» деди.

«Атамбаев менен чогуу иштегенсиңер. Унчуккан эмессиңер. Жылмайып, кол алышчусуңар. Ошондо бетине айтканга эмнеге жараган жоксуңар?» деди Карамушкина. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (86)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG