Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Караколдо 7-апрелде каза болгондор эскерилүүдө

7-апрелде каза болгондорго куран окулуп жатат.
7-апрелде каза болгондорго куран окулуп жатат.

Каракол шаарында 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондор эскерилүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана 7-апрелде окко учкандардын жакындары Каракол шаарындагы Пушкин атындагы паркта 7-апрелде курман болгондорго арналып коюлган эстеликке келип гүлчамбар коюшту.

7-апрелде Бишкекте болгон окуяда Ысык-Көл облусунан 156 адам катышкан, алардын ичинен 11 адам Ала-Тоо аянтынан көз жумган. Бүгүнкү күнгө чейин каза болгондордун жалпы саны 17ге жетти. Андан сырткары 30га жакын киши ар кандай жарадар болгон.

2010-жылы апрелде Талас, Нарын шаарларында эл бийликтин башкаруу режимине каршы чыккан. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги 6-апрелде бир нече оппозициялык саясатчыны камакка алган. Аларды бошотууну талап кылган эл 7-апрель күнү Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимин кулаткан. Бийлик куралсыз элге ок атып, 87 киши мерт болгон. Жүздөн ашуун адам түрдүү жараат алган. Көп өтпөй Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуска качкан. (KR)

XS
SM
MD
LG