Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Абдрахманов: Атамбаев бизди жер каратты


КСДПнын курултайы.
КСДПнын курултайы.

Иса Өмүркулов уюштурган КСДПнын курултайында «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлү Сагынбек Абдрахманов сөз сүйлөп жатып, Атамбаевге чакыруу жөнөтүлгөнүн, бирок ал келбей койгонун айтты:

- Атамбаевге расмий чакыруу жиберилген, ал бул жыйынга келип өзүнүн таарынычын, биздин кемчилигибизди ачык айтып, катасын мойнуна алса болмок. Бүгүнкү жыйында Атамбаев менен маселелерди ачык талкуулап алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Келбей койгону өкүнүчтүү.

Абдрахманов «Атамбаев үчүн биз элди карай албай, жер карап калдык» деп сындады.

Курултайга саясатчылардан Данияр Тербишалиев, Ыргал Кадыралиева, Исмаил Исаков, Абдрахман Маматалиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы, жер-жерлердеги кеңештердин депутаттары да катышууда.

Курултайга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун да келиши күтүлүүдө. (TSh/KR)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG