Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Адвокат: ЖЭБдеги кырсыктын чыныгы себептери бурмаланып жатат


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция үчүн айыпталып жаткан Айбек Калиевдин жактоочусу ишканадагы кырсыктын чыныгы себептери тууралуу маалымат бурмаланып, чыныгы айыптууларга көңүл бурулбай жатканын айтууда. Бул тууралуу адвокат Бакыт Жумашев 3-апрелде Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБ боюнча кылмыш ишин тергөөдө көптөгөн фактыларга көңүл бурулбай, мурдагы директор Нурлан Өмүркул уулунун, башкы инженер жана башка кызматкерлердин жоопкерчилиги каралбай жатат.

Жумашев «Улуттук энергохолдинг» ЖЭБдин чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок болгонун белгиледи.

Бүгүн Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүү башталып, бирок «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиевдин адвокаттары келбей калгандыгына байланыштуу сот 10-апрелге калды.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сегиз адамга айып коюлган. Алардын арасында экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баш болгон мурдагы жетекчилер бар.

Ишти козгогон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алардын күнөөсүнө далилдер бар экенин билдирүүдө. (BkA)

ЖЭБ боюнча соттук отурум 10-апрелге калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00

XS
SM
MD
LG