Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Казак прокурору Дамирбек Асылбек уулун 12 жылга түрмөгө кесүүнү суранды


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Казакстандын Алматы шаарынын райондук сотунда аткезчиликке байланыштуу айыпталган Кыргызстандын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна байланыштуу соттук отурумда жарыш сөзгө орун берилди.

Прокурор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчилик үчүн айыптуу деп таап, аны мүлкүнөн ажыратып, 12 жылга эркинен ажыратууну жана жаза мөөнөтү аяктаган соң аны өлкөдөн чыгарып салууну суранды.

Дамирбек Асылбек уулунун адвокаты Аскар Баймуратов айыптоолорду «жасалма жана ойдон чыгарылган» деп атады.

Аткезчилик боюнча соттук процесс былтыр 19-октябрда башталган. Дамирбек Асылбек уулу менен кошо дагы 11 киши Кытайдан Орусия жана Казакстанга товарларды мыйзамсыз ташыгандыгы үчүн «эл аралык уюшулган топко тиешеси бар» деген негизде айып коюлган.

Былтыр февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Кийин анын казак паспорту да бар экени аныкталган соң Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыраткан. (KR)

XS
SM
MD
LG