Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:31

4-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

4-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасында 4-9 метрден, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 17…19°.

XS
SM
MD
LG