Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:21

Түркмөнстанда «Азаттыктын» жергиликтүү кабарчысы каза тапты


Маркум Аманмурад Бугаев.
Маркум Аманмурад Бугаев.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын жергиликтүү кабарчысы Аманмурад Бугаев 68 жашында жол кырсыгынан каза тапты. 3-апрелде журналист Балкан облусунан такси менен келатканда кырсыкка кабылган. Бугаев журналисттик иликтөө жүргүзүп, аймактагы суу каптоону чагылдырып келаткан.

Ал журналисттик ишинен сырткары Түркмөнстанда жазуучу жана акын катары таанымал. Эгемендиктин алгачкы жылдарында өлкөнүн Адабий фондун жетектеп, Жазуучулар биримдигинин катчысы болгон. Ага чейин телеканалда редактор болуп, гезит-журналдарда эмгектенген.

Бугаев 15 жылдан ашуун «Азаттык» радиосунун кабарчысы болуп, карапайым элдин жашоосундагы эң орчундуу маселелерди чагылдырып жүрдү. Соңку кезде түркмөндөрдүн тарыхын жигердүү иликтеп жаткан.

«Азаттык» радиосу кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтат.

XS
SM
MD
LG