Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

КСДП: Сагынбек Абдрахмановдун съезди - фейк


«КСДПнын кезектеги 18-съезди» иш-чарасы.
«КСДПнын кезектеги 18-съезди» иш-чарасы.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 3-апрелде Бишкекте «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы өткөргөн иш-чараны фейк-съезд деп атады:

- Аябай одоно мыйзам бузуу менен болгон иш-чара. Аны биз фейк-съезд деп атайбыз. Азыр КСДП партиясын рейдерлик жол менен басып алуу аракеттери жүрүп жатат.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы Бишкекте жыйын өткөрүп, лидери Сагынбек Абдрахмановду партиянын жетекчиси болсун деп чечим чыгарды. Абдрахмановдун талапкерлигин иш-чарага катышкандар бир добуштан колдошту.

Жыйынга саясатчылардан Данияр Тербишалиев, Ыргал Кадыралиева, Исмаил Исаков, Абдрахман Маматалиев, жер-жерлердеги кеңештердин депутаттары, жалпысынан 300дөй адам катышты.

Кыймыл өзү бүгүнкү жыйынды «КСДПнын кезектеги 18-съезди» деп атап жатат.

Партиянын экинчи бөлүгү лидер деп Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди тааныйт. Алар 6-апрелде өз курултайын өткөргөнү жатышат.

Абдрахманов бүгүнкү жыйынга Атамбаев да чакырылганын, бирок ал келбегенин айтты. (TSh)

Абдрахманов КСДПнын лидерлигин талашууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

XS
SM
MD
LG