Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Атамбаев: КСДП Жээнбековдордон тазаланды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Асылбек Жээнбековдун КСДПдан чыкканы тууралуу билдирүүсүнө элдин алдында жооп берди. Атамбаев Асылбек Жээнбековдун партиядан чыкканы өзү үчүн утуш болгонун билдирди:

- КСДП Жээнбековдордон тазаланды. Экөө тең чыгып кетти.

Атамбаев азыркы бийликти «кландык башкарууга өттү» деп айыптап, өз тарапташтарынын коррупция үчүн айыпталып, камакка алынышын азыркы бийликтин андан өч алуусу катары баалады. «Башкы тапшырма – «Атамбаевсиз КСДП» эмес, «Атамбаевсиз Кыргызстан» кылуу болгон» деди ал.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 3-апрелде Аламүдүн районунун Арашан айылында эл менен жолугушкан.

Экс-спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин жалпы жыйынында КСДПдан чыкканы тууралуу расмий билдирүү жасаган. Асылбек Жээнбеков 2007-жылдан бери КСДПнын өкүлү катары парламент депутаты. Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал партиядан чыкканы менен депутаттык ишмердүүлүгүн уланта берерин айтты.

3-апрелде «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы Бишкекте жыйын өткөрүп, лидери Сагынбек Абдрахмановду сөз болуп жаткан партиянын жетекчиси болсун деп чечим чыгарды. Анын талапкерлигин катышуучулар жалпы колдошту.

Партиянын экинчи бөлүгү лидер деп Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди тааныйт. Алар 6-апрелде өз курултайын өткөргөнү жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG