Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Стамбулдагы «Ататүрк» аэропорту жабылат


Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Транспорт министрлиги расмий сайтында 5-апрелде Стамбул шаарындагы эл аралык «Ататүрк» аэропорту жаңы «Стамбул» аэропортуна көчөрүн кабарлады. Маалыматта 5-апрелдин түнүнөн баштап «Ататүрк» аэропорту каттамдарды кабыл албай тургандыгы кабарланган. Каттамдарды 45 сааттан кийин жаңы «Стамбул» аэропорту кабыл ала баштайт.

Ал арада Стамбул шаарына келген авиакаттамдар толугу менен шаардагы «Сабиха Гөкчен» аэропортуна жөнөтүлөт.

Түркиянын Маалымат министрлиги авиакомпанияларды бул күнү Стамбулга багытталган каттамдар тууралуу жүргүнчүлөргө маалымат берүүгө милдеттендирди.

Стамбул шаарындагы «Ататүрк» аэропорту 1989-жылы курулуп, эл аралык жана жергиликтүү каттамдарды кабыл алган. Аэропорттон жылына орточо 63 миллионго жакын жүргүнчү өтүп келди. (ElB)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG