Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

ЖК экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун карайт


Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы. Архивдик сүрөт.

4-апрелде Жогорку Кеңеш «КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карайт. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев.

Мыйзам долбоору буга чейин парламенттин комитеттеринде талкууланган. Авторлор мыйзам кабыл алынып калса, ал бардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула тургандыгын айтышууда. Ошондой эле экс-президенттер өз ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш кылып, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.

Аталган мыйзам долбоорун 13-февралда Жогорку Кеңеш экинчи окууда жактырган. Кийин Конституциялык палата менен Жогорку Кеңештин ортосунда документтеги беренелер боюнча талаш-тартыш чыккан.

Айрым юристтер бул мыйзам долбоору адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын чектөө менен Конституцияга карама-каршы келерин айтып чыгышкан. Алардын пикиринде, Баш мыйзамга ылайык саясий партиянын ишмердигине катышууну токтотуу иштеп жаткан президентке гана тийиштүү, экс-президентке бул чектөө тийиштүү эмес. Алар бул өзгөртүүлөр экс-президенттин саясий ишмердигин токтотууга багытталган деп эсептешет.

Эгемен Кыргызстандын 28 жылдык тарыхында өлкөнү башкарган беш президенттин экөөндө гана - Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде экс-президент макамы бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005 жана 2010-жылдардагы элдик козголоңдордон кийин өлкөдөн чыгып кетишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG