Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

НАТОнун баш катчысы АКШ Конгрессинде сүйлөдү


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

3-апрелде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШ Конгрессинин жалпы жыйынында сөз сүйлөдү. Түндүк Атлантикалык Альянстын баш катчысы америкалык мыйзам чыгаруучулардын алдына биринчи жолу келди.

Столтенберг НАТО Орусияны обочолонтуунун эмес, тескерисинче, Москва менен алаканы оңдоонун жолун издей тургандыгын баса белгиледи.

«Биздин Орусияны өзүнчө обочо кармайлы деген оюбуз жок. Орусия менен майнаптуу кызматташууну көздөйбүз» - деп айтты ал.

Вашингтондо НАТОнун курамындагы 29 мамлекеттин жана Орусия менен Ооганстандын тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Анда аскердик бирикменин 70 жылдыгы белгиленип, коопсуздукка болгон коркунучтар да талкууланат.

Быйыл январда Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы АКШнын НАТОдон чыгып кетишине бөгөт койгон мыйзам долбоорун кабыл алган.

Трамп буга чейин Түндүк Атлантикалык альянстагы өнөктөштөр коргонууга жетиштүү акча бөлбөй жатышканын айтып сындаган. НАТО 70 жыл мурун Кошмо Штаттардын, Канаданын жана алардын Европадагы өнөктөштөрүнүн катышуусу менен СССРге аскердик жактан каршы туруу максатында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG