Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Орус президенти Казакстанга барат


Владимир Путин жана Касым-Жомарт Токаев. Кремль, Москва. 3-апрель, 2019-жыл.
Владимир Путин жана Касым-Жомарт Токаев. Кремль, Москва. 3-апрель, 2019-жыл.

Владимир Путин 29-майда Казакстандагы иш сапары Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алкагында болорун 3-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуудан кийин журналисттерге билдирди. Путин жолугушуу үчүн атайын Нур-Султан шаары тандалып алынганы да жөн жеринен эмес экенин айтты.

Токаев өзүнүн президенттик кызматындагы алгачкы расмий сапары Орусияда өтүп жатканына терең маани берерин билдирди:

- Бул сапарым биздин мамлекеттерибиздин өзгөчө мамилесин көрсөтүп турат. Бул Казакстан менен Орусиянын ортосундагы өнөктөштүк мамиле.

Эки президент ошондой эле жолугушууда «Байкоңур» комплекси боюнча кызматташтыкты улантып, «Байтерек» ракеталык комплекси боюнча долбоорду ишке ашырууну сүйлөшкөн.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 3-апрелде Орусияга расмий сапар менен барган.

XS
SM
MD
LG