Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Швейцариялык адвокат Гүлнара Каримова менен жолугушту


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Швейцариялык адвокат Грегуар Манжа Гүлнара Каримова менен Өзбекстандын түрмөсүндө жолугушту. Бул тууралуу 3-апрелде Өзбекстандын Башкы прокуратурасы маалымдап, жолугушуу Гүлнара Каримова камалып турган Заңги-Ата түрмөсүндө өткөнүн билдирди.

Адвокат өзү Каримовага жолугары жөнүндө 1-апрелде «Твиттердеги» баракчасына: «Жаңы эле Занги-Атадагы №21 аялдар абагына келдим. Мында кардарым менен жакшы шарттарда жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга аракет кылам», деп жазган.

2-апрелде адвокат «Твиттерге» #Каримова деген хэштег менен аталган абактын сүрөтүн жайгаштырып, «№21 Занги-Ата аялдар абагы. Экинчи күн», — деген жазуу калтырган. Бирок бул билдирүүсүндө Грегуар Манжа Гүлнара Каримова менен жолуккан-жолукпагандыгы жөнүндө эч нерсе жазган эмес.

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова 2017-жылы декабрда 10 жылга соттолгон. Ал 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталган. Кылмыш иши атасынын көзү тирүүсүндө 2013-жылы козголуп, 2016-жылы күзүндө Каримов каза болгондон кийин 2017-жылы декабрда соттун өкүмү чыккан. Гүлнара Каримова салык төөлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана офшор компаниялардын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп аныкталган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн.

Антсе да быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги түрмөгө которулганын билдирген. Бирок анда башкы көзөмөл органы анын кайсы түрмөдө кармалып турганын кабарлаган эмес.

Мурдараак – «Telia», «Vimpelcom» жана МТС уюк компаниялары Өзбекстандын телекоммуникациялык базарына кириш үчүн Гүлнара Каримовага миллиондогон пара беришкенин мойнуна алышкан. Бул билдирүүлөрдөн кийин бир ай мурда АКШнын бийлиги Гүлнара Каримовага расмий айып коюп, аны 865 миллион доллар өлчөмүндө «пара алуу» жана «опузалоо» үчүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG