Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:44

«Дордой» акыркы мүнөттө жеңишти алдырып жиберди


3-апрель, 2019-жыл. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион. Бишкек.
3-апрель, 2019-жыл. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион. Бишкек.

Бишкектин «Дордой» командасы АФК кубогунун алкагында биринчи тайпалык оюнду өткөрдү. Бул беттеш 3-апрелде Бишкекте өтүп, атаандаш катары Түркмөнстандын «Алтын-Асыр» командасы конокко келди.

«Дордойлуктар» биринчи таймды толугу менен көзөмөлгө алып, алгач эсепти 1:0 кылып, алдыга чыгышты.

Экинчи таймда коноктор үстөмдүгүн күчөтүп, оюн бүтөргө беш мүнөт калганда жооп иретинде гол киргизе алышты.

Жалпы жыйынтык 1:1 болуп, жана эки команда тең тайпада алгачкы бирден упайларга ээ болду.

«D» тайпасында «Дордой» менен «Алтын-Асырдан» тышкары Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужант» командалары бар. Бул эки команда кечээ бири-бири менен ойноп, «Истиклолдун» жеңиши менен аяктады. (SDz)

XS
SM
MD
LG