Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

«Ак-Тилек» бекети: Бажы кызматынын жетекчиси Нур-Султанга жөнөп кетти


Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалар.
Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалар.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Алмаз Оңолбеков кыргыз-казак чек арасында топтолгон автоунаалар маселесине байланыштуу 4-апрелге караган түнү Нур-Султанга жөнөп кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

«Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны азая элек. Тыгын 19-мартта башталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чек арага барып, чатыр тигип, айдоочуларга ысык тамак берип жатышат.

Экономика министрлиги чек арада турган автоунааларда негизинен Түркиянын, Кытайдын жана Кыргызстандын текстил, бут кийим сыяктуу жалпы керектелүүчү товарлары бар экенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG