Жогорку Кеңеш өкмөт башчынын орун басарлары парламентке келип, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришин талап кылууда. Бул маселе бүгүнкү күн тартибине кирди.
Депутат Руслан Казакбаев: «Өкмөттү карап отура бербей, парламент чара көрүүгө тийиш. Ишкерлер чоӊ чыгымга учурап жатса, минтип отурганыбыз жарабайт. Чек арадан бажылык текшерүү алынып салынган, анда эмне үчүн казак тарап текшерүү жүргүзөт? Эгер алар биздин өкмөттү кабыл албай жатса, анда депутаттардын тобу Казакстанга барып сүйлөшүү жүргүзсө жакшы болот эле», - деди.
Ал эми депутат Аалы Карашев: «Жөн эле маалыматтын кереги жок. Өкмөт өкүлдөрү дароо Казакстанга барып, сүйлөшүү жүргүзүп, маселе чечилгенче ошол жерде түнөп жатышы керек болчу, андай болбой жатпайбы», - деп кошумчалады.
«Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны азая элек. Тыгын 19-мартта башталган. (RK)