Билим берүү жана илим министрлигинин айрым кызматкерлери окуу китептерин басып чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барган деп шек саналууда.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2017-жылы кыргыз, орус жана өзбек тилинде окуткан мектептердин 5-класстары үчүн англис тили боюнча окуу китептерин донорлордун акчасына басып чыгаруу пландалганына карабастан республикалык бюджеттен каржылоо үчүн сынак өткөрүлгөн жана башка бир катар мыйзам бузуу фактылары болгон.
Натыйжада 13 миллион сомдон ашуун бюджеттик каражат максатсыз коротулганы аныкталган.
Башкы прокуратура Жазык кодексинин кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана тендер өткөрүүнүн тартибин бузуу боюнча беренелеринин негизинде факт Бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталганын кошумчалады. (RK)