Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Орусия Казакстанга АЭС курууну сунуш кылды


Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин. Москва, 3-апрель, 2019-жыл.
Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин. Москва, 3-апрель, 2019-жыл.

Казакстан менен Орусия атом электр станциясын куруш үчүн Чыгыш Казакстан облусунун Курчатов шаары жана Алматыдагы Үлкөн кыштагы караштырылып жатат. Бул тууралуу казак энергетика министринин орун басары Магзум Мирзагалиев 4-апрелде журналисттерге билдирди.

Ошол эле учурда Мирзагалиев маселе бир нече жылдан бери талкууланып жатканын, так чечим кабыл алына элек экенин белгиледи.

«АЭС куруу жөнүндө чечим кабыл алына элек. Азырынча аянтчаны гана аныктадык. Бизге көбүрөөк дал келген технологияны тандайбыз, сүйлөшүү жүргүзөбүз» - деди Мирзагалиев.

Казакстанда атом электр станциясын курууну Орусиянын президенти Владимир Путин Касым-Жоомарт Токаев менен жолугушканда сунуш кылды. Казакстандын президенти 3-апрелде расмий сапар менен Москвага барган.

Өткөн жылдын октябрында Ташкенттеги сапарында Путин Өзбекстанда АЭС куруу боюнча келишимге жетишкен.

XS
SM
MD
LG