Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

«Ниссандын» мурдагы жетекчиси кайра камакка алынды


65 жаштагы Карлос Гон кайрадан камакка алынды/
65 жаштагы Карлос Гон кайрадан камакка алынды/

«Nissan» жана «Renault» автоконцерндеринин мурдагы жетекчиси Карлос Гон кайра камакка алынды. Каржылык көз боемочулукка байланыштуу жаңы айыптардын негизинде Токио прокуратурасы 4-апрелде аны камакка алууга буйрук берген.

Маалым болгондой, прокуратура Гон 2012-2018-жылдары «Nissan» компаниясынан 5 млн. долларга жакын каражатты кымырган деп шек санап жатат. Ушуну менен Гонго жалпысынан төрт айып коюлду.

Ал былтыр ноябрда «кирешесин азайтып көрсөткөн жана «Nissan» компаниясынын эсебинен байыган» деген айып менен камакка алынган. Бирок быйыл мартта Токио сотунун чечими менен 7,9 миллион еврону күрөө катары төлөп, үй камагына чыгарылган.

Гон бардык айыптарды четке кагып, өзүнө каршы «кутум уюштурулганын» айтып жүрөт.

Карлос Гон «Nissan» компаниясын банкрот болуудан сактап калып, француз-жапон автоунаа чыгаруучу «Renault-Nissan-Mitsubishi» альянсын түзгөн.

2017-жылдын жыйынтыгында бул альянс жеңил автоунааларды сатуу боюнча дүйнөдө эң алдыңкы орунга чыккан.

XS
SM
MD
LG