Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Отунбаева: Санарипке өтүү аракетинен майнап чыкпай жатат


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева Кыргызстанда санарипке өтүү аракети ишке жакшы ашпай жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Азаттыктагы» маегинде билдирди.

Отунбаева быйылкы жыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланганын, бирок санарипке өтүү жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлбөй жатканын белгиледи:

- Аймактарды өнүктүрүү боюнча баягүнү чоң жыйын өткөрүштү. А санариптештирүү деген четте эле калды да. Биздин акимдер, губернаторлор билеби, санарип деген эмне, пайдасы канча экенин, эмне берерин, кантип өздөштүрүш керек экенин? Бул боюнча алектенген бир да киши жок. Беларуста санарип тармагы ички дүң өнүмдүн 5%, тейлөөнүн 10% камсыз кылат экен. Биз эмнеге ушундай жасабайбыз? Коммуналдык жана башка төлөмдөрдү, которууну онлайн режимде жөнөткөндөр бизде 5% эле экен. Ал эми Орусия, Түркия, Кытай, Польша мамлекеттеринде 90%. Биздин Улуттук банк эмне кылып жатат? Аларга ким түрткү берет?

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган.

Президент жыл башында бул тууралуу жарлык чыгарып, өз ишинде санариптик технологияларды кеңири колдонгон мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун заманбап институттарын түзүү зарыл экенин белгилеген. Ал санариптик технологияларды өздөштүрүү жана жайылтуу максатында мамлекет технологиялык трансфердин аймактык борборун калыптандырыш үчүн бардык шарттарды түзүшү керек экенин айткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG