Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:21

Депутат «эшек бизнеси» боюнча маселе көтөрдү


Ноокат району.
Ноокат району.

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров 4-апрелде парламенттин жалпы жыйынында «эшек бизнесине» байланыштуу маселе көтөрдү. Ал Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов «ушул бизнестин башында турат экен» деп билдирди.

Депутаттын айтымында, учурда Финансы полициясы буга байланыштуу ишти териштирип жатат:

- 22-январда бажычылар Кытай менен чек арадан аткезчилик жүк кармашкан. 27 миң ондатранын, 1570 эшектин териси чыккан. Ветеринардык кызмат «биз ачтык, көрдүк, 16 миң гана ондатранын териси бар экен» деп акт түзүп бериптир. Негизги суроо - 1570 эшектин эти каякта? Аны жок кылуу жөнүндө актылар жок. Ветеринардык кызматтын жетекчилиги кылмыш жообуна тартылышын талап кылам.

«Азаттык» радиосу депутаттын айткандары боюнча Ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияга кайрылды. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Садырбекова:

- Инспекциянын директору импорт жана экспортко уруксат кагаздарына кол коет. Бирок ал «эшектин териси экспорттолсун» деген документке кол койгон эмес. Ал жерде ондатранын терисин алып чыгып кетүү боюнча уруксат кагазы. Бизде ушундай маалымат, - деп жооп берди.

2015-жылы Бишкекке жакын жердеги айылда эшек союлган касапкана табылып, эти баш калаадагы коомдук тамактануу жайларына жана эт базарларына чыгарылып тургандыгы маалымдалган. Бирок касапкана ээси эшектин эти чет өлкөлүк зоопарктарга жиберилерин айтып чыккан.

Ошол эле жылы Ошто жүздөн ашуун эшек багып жаткан кытай жарандары табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG