Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Парламент «Ак-Тилектеги» абалды жабык талкуулап жатат


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеш ушу тапта кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде түзүлгөн кырдаалды жабык карап жатат.

Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган өкмөт өкүлдөрү катышууда.

Бекетте Казакстанга өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалар азая элек. Тыгын 19-мартта башталган.

Мамлекеттик чек ара кызматы 4-апрелде «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ушу тапта ал жерде 240ка жакын машине турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чек арага барып, чатыр тигип, айдоочуларга ысык тамак берип жатышат.

Экономика министрлиги чек арада турган автоунааларда негизинен Түркиянын, Кытайдын жана Кыргызстандын текстил, бут кийим сыяктуу жалпы керектелүүчү товарлары бар экенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG