Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:09

Эфиопиядагы учак кырсыгынын баштапкы жыйынтыгы жарыяланды


«Боинг 737 MAX 8» учагы.
«Боинг 737 MAX 8» учагы.

Эфиопияда 10-мартта болгон авиакырсыктын иликтөөнүн баштапкы жыйынтыктары жарыяланды. Ага ылайык, «Боинг- 737 MAX 8» лайнеринин техникалык шаймандары учкучтарга баш ийген эмес.

Бул тууралуу Эфиопиянын транспорт министри Дагмавит Могес 4-апрелде Аддис-Абеба шаарында өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

10-мартта Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге бараткан учак кыйрап, борттогу 157 кишинин баары мерт болгон.

Ошондон кийин бул үлгүдөгү лайнердин коопсуздугуна байланыштуу суроолор жаралды. Дүйнөдөгү бир катар өлкөлөр бул учакты колдонуудан убактылуу баш тартууда.

Былтыр октябрда ушул үлгүдөгү учак Индонезияда кырсыкка кабылып, океанга кулап түшкөн. Анда 189 кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG