Советтик белгилүү кинорежиссер Георгий Данелия 88 жашында 4-апрелде дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын туугандары кабарлашты. Ал 23-февралда өпкөсү ооруп, Москвадагы ооруканага түшкөн. ТАСС маалымат агенттиги режиссер жүрөгү токтоп каза болгонун маалымдады.
Данелия «Я шагаю по Москве», «Мимино», «Афония», «Осенний марафон» жана «Джентльмены удачи», «Кин-дза-дза» фильмдерин тарткан. Өзүнүн тасмаларында эпизоддук ролдорду ойноп, көптөгөн фильмдердин сценарийин жазышкан.
Георгий Данелия 1930-жылы Грузиянын борбору Тбилисиде туулган. Москва архитектуралык институтун жана Жогорку режиссердук курсту бүтүргөн. 30 жашында тарткан алгачкы толук метраждуу «Сережа» тасмасы Карловы Варыдагы эл аралык кинофестивалда Гран-При уткан.
«Осенний марафон» фильми Венецияда эл аралык киносынчылар ассоциациясынын сыйлыгын, Сан-Себастьяндагы фестивалдын башкы сыйлыгын алган.