Тегерек үстөлдү «Аялдар демократиялык тармагы» коомдук фонду IRI жана USAID эл аралык уюмдарынын колдоосу менен уюштурууда. Анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүүгө тоскоолдук кылган маселелерди чечүүнүн жолдору талкууланат.
Иш-чарага зордук-зомбулукка кабылган адамдар, гендердик эксперттер, Жогорку Кеңештин, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, укук коргоочулар жана ишкер айымдар катышат. Мындан тышкары Ички иштер министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча катталган кылмыштар тууралуу өзүлөрүнүн статистикалык маалыматы, зомбулуктун алдын алуу жана жоюу ыкмалары менен бөлүшөт.
ИИМдин маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүүдө. 2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулук үчүн айыпталган жети миң адамга кылмыш иши козголгон, 2018-жылы жашы жете элек балдарга карата жасалган 1291 зордук-зомбулук фактысы катталган.
Үй-бүлөлүк зомбулукка чыдабай аксакалдар сотуна, кризистик борборлорго жана түрдүү укук коргоочу уюмдарга кайрылган аялдардын саны былтыр мурунку жылдарга салыштырмалуу 8% көбөйгөн. Башкы прокуратуранын билдиргени боюнча, 2018-жылы зордуктоо фактылары 14% көп катталган. (ZKo)